Menu

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана мандаттарды берүү тууралуу токтом кабыл алды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 13-ноябрында КР БШК Кызыл-Кыя, Ала-Бука, Сузак, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларындагы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Ошентип:
-Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу С. Сулаймановдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-пенсионер А.Караевага берилди;

-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу С.Тоялиев ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-“KAZ Minerals Bozymchak” ААК ЖЧК ишканасынын айдоочусу Н. Шабаевге берилди;

-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-май айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Касымов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-айдоочу А.Нурматовго берилди;

-Жалал –Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылдык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу А.Абдикадировдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-жеке ишкер Ш.Сатвалдиевге берилди;

-Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Бекишов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-ДЭУ-30дун башкы инженери Ж.Ысыраиловго берилди;

-Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна

дайындалгандыгына байланыштуу А.Бектемиров ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-кесипчилик лицейинин улук мастери Муталип уулу Бакытбекке берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: