Menu

Кыргызстан азыктанууну жакшыртуу тармагында жетишкендиктери үчүн Nutrition Champion Award 2017 сыйлыгына татыды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев мындай сыйлык өлкөдө сапаттуу тамактануу жаатындагы көрсөткүчтөр жогорулагандыгы үчүн берилгендигин маалымдады. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 14-ноябрда Кыргызстандын азыктанууну жакшыртуудагы жетишкендиктери дүйнөгө таанылгандыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкие Мокуо, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев жана Азыктанууну жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугу үчүн жарандык альянстын өкүлү Гүлмира Кожобергенова журналисттер үчүн маалымат жыйын беришти.

Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр экономиканы көтөрүүдө башкы фактор адам ресурсуна жана өлкөнүн тез өнүгүүсүн шартоочу башкы фактор болгон жарандардын саламаттыгы чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда. Мындай маалымат менен бөлүшкөн депутат Осмонбек Артыкбаев эң алды менен Кыргызстандагы аз кандуулукту, адам организмине темир жетишсиздигин жоюу максатында күнүмдүк пайдаланылган нан унун темир менен байытуу маселесин 2005-жылдан бери көтөрүп келе жаткандыгын айтып берди. Анын билдиришинче, нан унун тиешелүү витаминдер менен байытуу жөнүндө мыйзам 2009-жылы кабыл алынган, анын жүзөгө ашырылышын күчөтүүгө багытталган мыйзамдар 2015-жылы кабыл алынып, тыкыр көзөмөлдөнүп келүүдө. Натыйжада калк арасындагы аз кандуулук 40%дан 26 %га түштү. Статистикага ылайык, республикада эне сүтү менен тамактандыруу (эмчек эмизүү) 36%дан 41%га көтөрүлдү. Эң негизгиси республикада өндүрүлүп жаткан ундун 51% байытууга жетишилди. “Бул жетишкендиктер менен эле маселе токтоп калбайт. Алдыда дагы көп иштер бар – жарандарыбызды дени-карды соо болуп, акыл эси тунук өсүшү үчүн жогорудагы көрсөткүчтөрдү дагы көтөрүшүбүз керек. Бул иштерге мыйзам чыгаруу органынын аралашып, кийлигишүүсү чечүүчү жагдай деп эсептейм”,- дейт депутат. Мындан сырткары, О.Артыкбаев өлкөнүн тез өнүгүшүнө салым кошуу үчүн бир катар өлкөлөр жарандардын саламаттыгына көңүл бурууда Өкмөт башчынын жеке көзөмөлүнө алынаарына мисалдарды келтирди. Муну менен катар Кыргызстанда элдин саламаттыгын чыңдоо жаатында көрсөткөн көмөгү үчүн БУУга, ЮНИСЕФке, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыраазчылык билдирди.

ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкие Мокуо Кыргызстанда азыктанууну жакшыртууга жигердүү катышкандыгы үчүн кыргыз парламентине ыраазычылыгын айтты. Ал эми Азыктанууну жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугу үчүн жарандык альянстын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаты О.Артыкбаев менен биргеликте нан унун байытуу жаатында бир катар иш-чараларды өткөргөндүгүн билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-9-ноябрь күндөрүндө кыргыз делегациясы Кот-Дивуардын Абижан шаарында өткөн азыктанууну жакшыртууну колдоо боюнча SUN (Scaling Up Nutrition Movement) кыймылынын конференциясына катышып, азыктанууну жакшыртуудагы өз натыйжаларын тааныштырып келген. 60 өлкө катышкан аталган кыймылдын конференциясында Кыргызстан азыктанууну жакшыртуу тармагында жетишкендиктери үчүн Nutrition Champion Award 2017 сыйлыгына татып, ал сыйлык өлкөнүн атынан келген Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге тапшырылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: