Menu

ИИМ спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондорун куттуктады

Бөлүшүү:

Спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондугу 2017-жылдын 10-12-ноябрь күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн. Кыргызстандан барган команданын курамына 17 спортчу (15 эркек жана 2 кыз ) кирген. 2017-жылы Россияда өткөн Спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан барган улуттук команда топтук эсепте 2-орунду ээлешти. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Күжүрмөн самбо боюнча мелдеште 9 комплекстүү медаль каралып, Кыргызстындын командасы салмактык категориянын бардыгына катышышкан. 74 килограмм салмактагы категорияда Бекназар уулу Раимкул мелдешип, жаңы дүйнө чемпиону аталды. Ал 1/8 финалда Түркмөнстандан келген Бегенчмурат Какабаев менен беттешип, аны жеңген.

Төртүнчү финалда Кыргызстандын спортчусу Өзбекстандын Истам Кудратов аттуу спортчусун жеңип, финалга чыккан. Андан кийин, жарым финалдык беттешүүдө жеңишке жеткен соң, Бекназар уулу Раимкул Россиялык спортчу Бейзет Хатхоху менен беттешип, 7:4 эсебинде жеңген.

“Финалга чейин мен каршылашым менен жолуккан эмесмин. Ал жөнүндө эч кандай маалыматым жок болчу. Өзүмдүн мыкты даярдыгымды көрсөткөнү баргам. Ушул жылы Азия чемпионатынан алтын медаль, жабык мекемеде өткөн Азия оюндарынан алтын медалга жеттим. Ал эми Сочи шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетериме ишенип барып, алтын медаль алдым. Ушул жылдын ичинде ири турнирлерден 3 алтын медаль тагындым. Мен бул жеңиштеримди өзүмдүн ата-энеме жана жердештериме арнамакчымын”,-деп Бекназар уулу Раимкул баса белгиледи.

Орозбек уулу Автандил 62 килограмм салмактагы спортчулар менен мелдешип, Россияда өткөн самбо боюнча дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. 11-ноябрь күнү 1/8 финалында Хамид Султанбиев менен беттешип, жеңишке жеткен. Андан соң, Казакстандык спортчу Амандык уулу Аса менен беттешип, күчтүүлүк кылып аны жеңип алган. Финалдык жолугушууда россиялык спортчу Рустам Талдиев менен беттешип, күрөштө жеңилип, күмүш медалга ээ болгон.

Бүгүн самбо боюнча дүйнө чемпиондору, “Мухаммед-Умар” спорттук комплексинин тарбиялануучулары Бекназар уулу Раимкул менен Орозбек уулу Автандилди Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков кабыл алып, келечекте дагы жеңиштерге жете берүүлөрүн каалап, китептерди белекке берди.

“Министрдин биринчи орун басары күжүрмөн самбо-бул күжүрмөн маданияттын жогорку деңгээли экендигин белгиледи. Күжүрмөн самбо Мекенин коргоодо жарандардын эң негизги делген сапаттарын өнүктүрөт. Адамдын эрктүүлүгүн күчөтүп, ыңгайсыз абалдын чыгууга шарт түзүп берет. Кийинки дүйнөлүк чемпионаттарда ийгиликтерди жаратып, өзүңөрдүн спорттук даярдыгыңарды жогорку деңгээлде көрсөтүүңөрдү каалайм. Биз ар дайым сиздер жеңишке жетишиңер үчүн колдоо көрсөтөбүз жана жеңиштерди күтөбүз”,-деди Сүйүн Өмүрзаков жолугушууну жыйынтыктап жатып.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: