Menu

Видео – Ташкентте белгилүү композитор жана актер Владимир Барамыков дүйнө салды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда алгач ирет “Киберги” поп-тобун түзгөн, “Садо” ансамблинин көркөм жетекчиси, киноактер Владимир Барамыков 13-октябарда узак оорудан кийин каза тапты. 68 жашында дүйнө салган композиторду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-ноябрда өтөт.

Белгилүү өзбек кинорежиссеру Эльер Ишмухамедов өлкө таланттуу уулунан ажыраганын билдирди.

– Мен аны менен жакында эле сүйлөшкөм. Жаңы тасмам үчүн музыка жазып берем деген эле. Ал таланттуу музыкант болчу. 1969-жылы мен аны “Арзышкандар” аттуу тасмама тартылуу үчүн чакыргам, ал жаңы эле “Киберги” ансамлин түзгөн. Ошондон тарта Володияны жакшы тааный баштадым, – деди Ишмухамедов.

Владимир Барамыков Өзбекстанда алгач ирет вокалдык-аспаптык ансамбль түзгөн. Легендарлуу “Садо” тобун негиздеген. Бул белгилүү трионун курамында Күмүш Раззакова, Азиза Мухамедова жана Мила Романиди болгон. 1981-жылы “Садо” Ялтадагы эл аралык музыкалык фестивалда биринчи орунду алган.

Акыркы 10-15 жылдан бери Владимир Барамыков катуу ооруп жүргөн. Бирок чыгармачылыкты таштаган эмес.

Владимир Барамыков Илья Резник, Лев Ошанин, Юрий Энтин сыяктуу белгилүү акындардын ырларына музыка жазган. Ал ондон ашуун советтик фильмдерге тартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: