Бүгүн, 15-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борборунда айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарменкеси өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Облустун борборунда өткөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарменксине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын дыйкандары менен фермерлери өстүрүп жетиштирген айыл чарба азык түлүктөрүнүн ондогон түрлөрү арзан баада сатыкка чыгарылды. “Ак төөнүн карды жарылган” күз айында айыл чарба азык-түлүктөрүнүн “Түшүм майрамы” жарменкеси облустун борборунда жыл сайын өткөрүлүп келет.
Жарменкени уюштуруп өткөрүүнүн демилгечилери ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты менен район-шаарлардын айыл чарба департаменттери болушту. Айыл аймактарынан келишкен фермерлер менен дыйкандар, жеке ишкерлер өздөрү өстүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн кеңири ассортиментин жарменкеге келген элге кеңири сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Облустун борборунда өткөн жарменкеге ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана район-шаарлардын жетекчилери катышты. “Түшүм майрамы” жарменкесинин ишине активдүү катышкан бир катар айыл аймактары менен жеке фермерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ