Кыргызстандын аймактарында өндүрүлгөн картөшкө жана сүт азыктары мындан ары Өзбекстанга жана Кытайга гана экспорполот. Бул жөнүндө өлкөнүн Экономика министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, президент Алмазбек Атамбаевдин атайын тапшырмасы менен акыркы убакыттагы кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Өкмөтү башка атаандаш жолдорду тапканга мажбур. Буга ылайык премьер-министр Сапар Исаковдун Өзбекстанга иш сапарынын алкагында эки тараптуу келишимдерге дагы кол коюлуп, Кыргызстандын картошка жана сүт азыктарын экспорттоо боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Мындан тышкары ушундай эле алака улуу коңшубуз Кытай тарап менен дагы жүрөөрү пландалып жатат. Кыргызстан Өзбекстан менен Кытайга картошка, сүт азыктарынан башка дагы курулушка керектелүүчү таштарды жана көмүрдү сунуштамакчы.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ