Menu

Дастанбек Жумабеков: “Узак мөөнөттүү Улуттук стратегия – өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө!”

Бөлүшүү:

“Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 15-октябрда Президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында өткөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди”, – мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

2040-жылга чейин иштелип чыккан долбоорлор өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болот деген Төрага: “Өлкөдөгү байгерчиликке жана мыйзам үстөмдүгүн орнотууга багытталып, 2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы келечегибиздин пайдубалы болду. Тагыраагы, өлкөдө тынчтык орноп, адилет шайлоо өнөктүгү калыптанды. Коррупцияга каршы олуттуу аракеттер жүргүзүлүп, ишкерчиликке ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Айрыкча аталган документ бардык бийлик бутактарынын биргелешип иш алып баруусун камсыздады”, – деди.

Ошондой эле, Жогорку Кеңеш Улуттук стратегияны ишке ашырууга барандуу салым кошконун белгилеген Дастанбек Жумабеков: “Парламент тарабынан саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык жана экологиялык багыттардагы бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Алсак “Датка – Кемин” электр чубалгысын жана “Кемин” көмөкчү чордонун куруу долбоорун каржылоо боюнча КР Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификацияланды. Ушундай эле Бишкек ЖЭБин, Токтогул ГЭСин оңдоп-түзүүгө, Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолун курууга керектелүүчү каржылык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынып келди. Өлкөнүн энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыгын камсыздаган мындай аракеттин баары туруктуу өнүгүүбүзгө негизги күч болуп берери анык”, – деди.

Ал эми 2040-жылга чейинки иштелип чыккан долбоорлор да элдин татыктуу турмуш-шартын жана социалдык-байгерчилик жашоосун камсыздоого багытталган кадамдын уландысы болуп каларын кошумчалаган парламент Төрагасы, бардык тармактарда жаңы технологиялардын жардамы жана инфратүзүмдүк ири реформаларды жүргүзүү керектигине токтолду.

“Стратегияда каралган “Таза коом”, “Кыргыз жарааны”, “Элиме кызмат” “Бел болчу билим”, “Из калтыруучу илим”, Бирдей мүмкүнчүлүк – өнүгүүнүн негизи” – деген аталыштагы Улуттук программаларды ишке ашыруу аркылуу Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө жол алат деп ишенем. Андыктан, баарыбыз биргелешип иш алып баруубуз шарт”, – дейт Дастанбек Жумабеков.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жыйынына Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кеңеш мүчөлөрү, парламенттик фракция жетекчилери, Өкмөттүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: