Menu

Өзбекстанда камактагы журналист Абдуллаевге биринчи жолу адвокатты киргизишти

Бөлүшүү:

Өзбекстанда конституциялык түзүмдү кулатуу аракетине айыпталып бир жарым айдан бери абакта жаткан журналист Бобомурод Абдуллаевге адвокатты киргизишти. Ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамов, адвокат Тулкин Орифжанов 14-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө изоляторунда журналист менен бир сааттай сүйлөшүштү.

Укук коргоочу Сурат Икрамов Бобомурод Абдуллаев менен жолугуп чыккандан кийин ага карата кыйноолор болбогонун, журналисттин даттануулары жок экенин маалымдады.

27-сентябрда Ташкентте көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев “мурунку жана учурдагы президенттерден бийликти тартып алууга” аракет жасаган деген негизде камакка алынган.

Тергөөнүн алдын ала тыянагына караганда, 44 жаштагы журналист “Усман Хакназаров” деген ысым менен интернетке макалаларды жарыялап, шайланган жетекчилерден бийликти тартып алууну пландаштырган.

1-октябрда Ташкенттин Юнусабад райондук соту аны камакка алууга чечим чыгарган.

Соттун аныктамасына караганда, Абдуллаев “Өзбекстан элдик кыймылынын” мүчөсү катары бул уюмдун жетекчиси Мухаммад Салихтин көрсөтмөсү менен 2011-жылдан бери интернетте Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү кулатууга багытталган макалаларды жайылтуу менен алектенген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: