Menu

Баткенде сууга зар айылдар бар

Бөлүшүү:

Баткен районунун Зарташ айылында дагыле таза суу жок. Ошондуктан, жергиликтүү жашоочулар Кожошкен дарыясындагы агынды сууну тундуруп гана ичишет. Аталган айыл түптөлгөнүнө мына 250 жылдан ашса дагы мамлекет тарабынан ичилүүчү суу жеткирүү аракети көрүлбөй келаткандыгы өкүндүрөт.

Кожошкен кыштагында 140ка чукул кожолук жашайт. Жергиликтүү тургундар сууну дарыядан ташып келип, эки күн тундуруп, анан гана урунушат.

– Ошол бир-эки күндө дагы ылайланган суу араң гана тунат. Болбосо кум аралаш, абдан булганган. Ичүүгө дегеле мүмкүн эмес! -деп ыйлактады Кожошкен айылынын тургуну Гүлкан Алдаева.

Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, ушул эле кейиптеги Чоң-Кара жана Ак-Турпак айылдарына былтыр таза суу тартылган. Бирок, негедир Зарташ менен Ак-Өтөк айылдары калып кеткен. Аталган эки айылда жалпысынан 200 чакты кожолук ичилүүчү сууга жетинбей келатат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: