Menu

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилей башташты

Бөлүшүү:

Орусиянын башкалаасында Кыргыз эл жазуучусу Чыцгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чаралар байма-бай өткөрүлө баштады.

Москва шаарындагы Улуттар үйүндө Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү улуу калемгердин мааракесине арналган адабий-поэтикалык кечеге катышышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары -Орусиянын мигранттар Федерациясы, Москвадагы Кыргыз ишкерлеринин Эл аралык ишкерлер ассоциясы, Кыргыз диаспорасы жана Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы. Буга утурлай улуу жазуучуну өтө бийик адам сыңары, мыкты сценарист катары дагы жылуу эскеришти.

Эскерүү кечесинде сүйлөгөндөр Чыңгыз Айматовдун дүйнөлүк адабияттын мыкты классиги катары дүйнөлүк жана Кыргыз адабиятына, жалпы эле маданиятына кошкон баа жеткис салымын дагы абдан баса белгилешти. Чыгармалары аркылуу бир нече муундар тарбияланган улуу калемгердин ысымы дүйнөлүк адабияттын классиктеринин катарында турат.

Ошентип, Москва шаарындагы сахнада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиеванын аткаруусунда “Келген жок”, Москва шаарында жашап жана иштеп жатышкан чыгармачыл мекендештерибиздин аткаруусунда “Ильястын ыры”, “Махабат дастаны”, “Эсимде”, “Атам менен энеме” ырлары ободо жаңырды. Көрөрмандарга залкар таланттын “Саманчынын жолу” повестинен алынган Толгонайдын монологу орусиялык кинотасмаларда роль жаратып келе жаткан Ж.Асанбекованын аткаруусунда тартууланды. Ошондой эле “Ак кеме” повестинен алынган “Бугу эне” монологун М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин студенттери кыргыз тилинде көркөм окуп беришти. Башкыр диаспорасынын “Ильгам” аталган театры тарабынан “Ак кеме” чыгармасы боюнча театрлаштырылган оюн дагы коюлду.

Кеченин соңунда Орусиядагы Кыргыз элчилиги тарабынан иш-чаранын уюштуруучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча орусиялык сүрөтчүлөр тарабынан даярдалган гравюра альбомдор эстелик белек сыңары тапшырылды.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: