Menu

Жалал-Абадда театралдык сезон ачылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы Кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракеси маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө тушташ белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, жогорку, атайын окуу жайлардын студенттери жана маданият менен көркөм өнөрдүн күйөрмандары катышышты. Конокторго Барпы атабыздын өмүрүн жана чыгармачылыгын таасын чагылдырган театралдык постановка тартууланды.

Ушундан соң Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүңүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Барпы театрынын чыгармачыл эмгек жамаатын жана жалпы эле маданият тармагынын кызматкерлерин кош майрамдары менен чын ыкластан куттуктады. Буга улай театрдын жана маданияттын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошентип, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы Кыргыз драма театрынын чыгармачыл эмгек жамааты өздөрүнүн 25-театралдык сезонун Грузия драматургу Антон Цагареллинин “Ханума” аттуу комедиясынын премьерасын элге тартуулоо менен башташты.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: