16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
16-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
17-18-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
19-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 20-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ