Menu

Парламент комитети Жусупбек Шариповду Украинага элчи кылууну колдоду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жусупбек Шариповду Украинага элчи кылып дайындоо боюнча сунушту жактырды. Маселе 14-ноябрдагы жыйында каралганын комитеттин төрага орунбасары Каныбек Иманалиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Эреже боюнча элчинин талапкерлигин президент сунуш кылат. Парламенттин тийиштүү комитети колдогон соң мамлекет башчы жарлык чыгарат.

Жусупбек Шарипов – жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы. Учурда ал Кыргызстандын араб мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенет.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде Убактылуу ишенимдүү өкүл болуп 2016-жылдан бери Батыркан Сыргабаев иштеп жаткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: