Menu

Нарын районунда үч унаанын катышуусу менен жол кырсыгы катталды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 15-ноябрь түнү болжол менен саат 02:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунан 25 жаштагы А.К. аттуу айдоочу “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү автоунаасын башкаруусунда Нарын шаарынын түндүк тарабына багыт алып бара жаткан жеринен 297 чакырымында “Кара-Үңкүр” капчыгайынан “Зил-130” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу жана “Мерседес-Бенц-230” үлгүсүндөгү унаалар менен кагылышкан. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү автоунаадагы 19 жаштагы А.Г. аттуу жүргүнчү жана “Мерседес-Бенц-230” үлгүсүндөгү автоунаада отурган 12 жаштагы А.А. аттуу жүргүнчү ар кандай жаракат алгандарына байланыштуу Нарын облустук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү унаадагы 44 жаштагы Т.Э. аттуу менен “Мерседес-Бенц-230” үлгүсүндөгү унаадагы 44 жаштагы Т.Б., бир жаштагы С.Э. аттуу жүргүнчүлөр Нарын аймактык ооруканадан текшерилип, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Маалымат боюнча жол кырсыгынын болушуна “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу ылдамдыктын эрежелерин сактабастан, карама-каршы багытта айдаган.
Автоунаалар унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Жол кырсыгы боюнча топтолгон материалдар Нарын РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө-тергөө иши башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: