Menu

Өзбекстандын диний окуу жайларында Куран үйрөтүү курстары ачылат

Бөлүшүү:

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Усманхан Алимовдун буйругу менен диний окуу жайлардын алдында акы төлөнүүчү курстар ачылат.

Буйрукка ылайык, 1-декабрдан тарта жалпысынан 11 диний окуу жайда, анын ичинде орто кесиптик окуу жай макамы берилген 9 жана жогорку окуу жай макамы берилген 1 медреседе, ошондой эле 1 институт менен 1 университетте акы төлөнүүчү курстар ачылат. Анда каалоочулар Куранды, тажвидди (Куран окуу эрежелери) жана араб тилин үйрөнө алышат. Алты айлык курстардын баасы 1 миллион сумду (123 АКШ доллары) түзөт.

Мусулмандар дин башкармалыгынын төрага орун басары Абдулазиз Мансурдун айтымында, аларда жалпысынан 700дөн ашык киши окуудан өтөт алат. Ал акы төлөнүүчү курстарды ачуу чечими —өзбекстандыктардын көптөгөн жылдар бою Мусулмандар дин башкармалыгына кайрылып келгендигине байланыштуу кабыл алынды.

– Буйрукта бул курстарда окууну каалагандардын жаш курагына чектөө коюлган эмес. Бирок алар чынында улуу муундагыларга көбүрөөк арналган. Көптөгөн жылдардан бери өзбекстандыктардын улуу мууну биздин башкармалыкка кайрылып келишкен. Анан биз алардын бул муктаждыгын канааттандырууну чечтик, – деди ал.

Өзбекстандын азыркы мыйзамдарында жеке негизде диний окутууларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: