Menu

2017-жылы билим берүү мекемелеринин курулушуна 2 млрд 28 млн сом өлчөмүндө каражат каралган

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште өлкөнүн мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшүнө арналган өкмөттүк саат өтүп жатат. Жыйынга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Бала бакчалар менен мектептердин курулушунун жүрүшү боюнча баяндама жасаган Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Бактыбек Абдиев 2017-жылга пландаштырылган объектилер 25-декабрга чейин толугу менен бүткөрүлө турганын билдирди.

«Тизмеге 32 бала бакчанын, 183 мектеп менен спорт залынын курулушу киргизилген. Ал эми 169 мектептин курулушуна жана оӊдоого 2 млрд 28 млн сом каралса, азырынча 1 млрд 579 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү же ал жалпы каражаттын 77 пайызын түзөт. Ал эми 14 бала бакчанын курулушуна 152 млн сом каралса, азыр 141 млн сомго каржыланды», – дейт ал.

Андан тышкары, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында болгон өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу курулуш тизмесине кошумча 9 мектептин курулушу киргизилгени, эгер алар өз маалында каржыланса, 25-декабрга чейин бүткөрүлө турганы белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: