Menu

Чоң-Алай, Өзгөн, Араван жана Ноокат райондорунда адам сатуунун алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Бөлүшүү:

Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана “Эл аралык коргоосуна көмөктөшүү” борбору менен биргеликте уюштурулуп, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, социалдык педагогдор, медицина кызматкерлери, жаштар уюмунун активисттери жана дин өкүлдөрү катышышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Семинардын жүрүшүндө долбоор жетекчилери, укук коргоо органдары тарабынан адам сатуу көйгөйүнөн чыгуунун жолдору, адам сатууга катышкан жарандардын жоопкерчилиги жана кылмыш-жазанын болтурбоонун алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча маалымат-баяндамалар жасалып, “Адам сатуунун курмандыгы болбо” аттуу атайын видео-ролик көрсөтүлдү. Ал эми иш чарага дин өкүлү катары катышкан Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев “Адам сатуунун терс кесепеттери” аттуу темада баяндама жасап, адам сатуу шариятта чоң күнөө экендигин билдирди.

“Адам сатуу бул шариятта эң чоң күнөө болуп эсептелет. Кулчулук бул Ислам динине чейин болгон. Ислам дининде биринчи түшкөн аят бул “Оку” деп илим-билимге үндөгөн, тарбияга багыттаган чакырык келет. Ошондуктан бул дүйнөгө Исламдын келиши менен  кулчулук деген түшүнүк жоюлган.  Тилеке каршы бүгүнкү күндө адам сатуу боюнча кездешкен айрым терс көрүнүштөрдүн башаты – бул ыйман кризисинин орун алышы, илимсиздиктин, шарияттын жана мамилекеттик мыйзам боюнча маалыматтуулуктун жоктугунун белгиси катары карасак болот. Бул көйгөйдү алдын алууда үй-бүлөлүк таалим-тарбия, адамдын өзүнүн укугун билүүсү, ата-эненин билимдүүлүгү жана адеп-ахлакка басым жасоо менен келечек муундарга өзгөчө мамиледе болуусу зарыл”,  – деди Нурбек кары Орунбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: