Menu

Сагынбек Абдрахманов урпактарга үлгү болчу иш жасады

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Бишкектин чок ортосуна кыргыздын атактуу алпы Сүймөнкул Чокморовдун айкелинин бетачар салтанаты болуп өттү. Саамалыкка өкмөт башчы баш болгон кыргыз бийлигинин өкүлдөрү катышты. «Бүткөн ишке сынчы көп» болуп, кыргыздын көрүнүктүү талантынын элеси чагылдырылган эстеликке ар ким алына жараша сын-пикирин жаадырышууда. Бул эми кыргыздын канындагы эзелтен бери келаткан салты дечи. Аныгында базар экономикасынын чалкеш заманында кыргыз саясатчылары көзү өткөн өнөр адамдарын анчейин эстерине албай, ит жыгылыш боло, бийлик, байлык талашып, интриганын сазына батып турганда Сагынбек Абдрахмановдун улуу ишке баш коюп, саамалыкты аягына чыгарганынын өзү кандай эрдик! Эстеликтин ачылыш салтанатынан соң Сакебиз саамалыкка катышкан улуу-кичүүнү бирдей, кыргыз интеллигенциясынын каймактарын, Чокморовдун эстелигине демөөрчү болгон меценаттарды баш калаадагы «Фрунзе» ресторанына куран окулчу жөрөлгөсүнө чакырып, урпактарга үлгү болчу ишти аркалады. «Маркумдар даңкталмайын, тирүүлөр барк албайт» дейт. Бул жагынан алганда «Сүймөнкул Чокморов» атындагы фонддун төрагасы, экс-губернатор изги иш жасап, мусулманчылыктагы сооптуу милдетин аркалады. Эмесе, Сакебиздин Сүймөнкул агабыздын элесин эскерип эстелигин орноттурган жүрүшү менен окуткан кураны ылайым кабыл болсун дейли!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: