Жакында биздин гезит аркылуу экс-министр Нурлан Сулайманов буга чейинки мойнундагы козголгон кылмыш ишинен толугу менен акталып, президент Атамбаевдин башкаруу доорундагы изги иштерин ташка тамга баскандай тизмектеп берген эле. Материал жарык көрөр замат биздин каарманды бийликчил гезиттер төөбастыга алышкан.
Мындай көралбастыкка кабагым-кашым дебеген экс-депутат ушул күндөрү Стамбулда жеке иштери менен жүргөнү, алдыңкы күндөрү Кыргызстанга кайтып, бийик тажрыйбасын өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн арнаарынан кабардар болдук. Баса, Нукебиздин президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго жакындан жардам бергенин эске алсак, анда ооматы артып, жаңы бийликке аралашып, кызматка келерин күтсөк болобу?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ