Чүй облусундагы мечиттердин биринде «Йакын-инкар» экстремисттик кыймылынын лидери мыйзамсыз жыйын өткөрүп жатканда колго түштү. Анын жанынан экстремисттик маанайдагы китептер табылган. «Нурулло» деген каймана атты алып жүргөн Нурлан Күмүшбеков Индия жана Бангладешке барып диний жайлардан окуп келип, китептерди басып чыгарган. Экстремисттик материалдарды өлкө аймагына жайылтып, агымга адамдарды азгыра баштаган. Чуй облусунда эле бул кыймылдын жүздөн ашуун өкүлү бар экени аныкталган. Йакын-инкарчылардын активдүү мүчөлөрү Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарында көп деген маалыматтар бар.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ