Menu

Бишкек шаардык соту да Талгарбековго алсыз чечим чыгарды

Бөлүшүү:

Дээрлик бир жарым жылдан бери УКМКнын жертөлөсүндө жазасын өтөп жатышкан камактагы «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнө карата Бишкек шаардык соту чечим чыгарып буга чейинки райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Фемида өкүлдөрүнүн чыгарган алсыз чечимдерине ылайык, бул топтун лидерлери Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылдык, Марат Султановдун 10 жылдык күчөтүлгөн жаза өтөө мөөнөттөрү күчүндө калып, Тойгонбай Калматов менен Александр Гусевдин 5 жана 3 жылдык шарттуу түрдө алган жазалары бүткөндүгүнө байланыштуу темир тордон чыгарылды. Муну менен Кыргызстандагы абийирсиз сот адилеттиги канчалык деңгээлде экендиги дагы бир ирет далилденди. Бул күндөр да өтөт. Ошондо Бекболот Талгарбеков баштаган саясый туткандарды оор жаза менен соттошкон соттор толук жооп береби? Кыргыз жакшылык менен жамандыкта баары бир бет келишет эмеспи. Ошондой күндөрдө адам тагдырын кордогон судьялар бүгүн адилетсиз жагдайда жаза алышкан каармандарыбыздын беттерин кантип карашат? Турмуш деген оомалуу-төкмөлүү болот. Эй, буларың кичине ойлонушпайбы? Биз камактагы башына иш түшүп отурган каармандарыбызга бекем эрк каалайбыз. «Ак ийилет, бирок, сынбайт».

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: