Эски бийликтин идеологдору ЖК депутаты Асылбек Жээнбековду кайсы бир өлкөгө элчи кылып жөнөтүү планын даярдашып, өлкөдөн сыртка чыгарууга өлө кызыкдар болуп атышыптыр. Бирок, арканды алыс ыргыткан каарманыбыз эч жакка кетпей турганын билдирип, парламентте позициясын мындан дагы бекемдөөгө, таасирин күчөтүүгө бел байланганы байкалды. Эгерде Асылбек Шарипович ЖКдан кетсе эле агасынын бир капшыты эңшерилгендей алсырай түшөрү айныгыс чындык. Парламентте да ичтен саясатты жүргүзгөн, тирөөч боло турган өз киши болбосо, албетте, Сооронбай Жээнбековго кыйын болуп калышы мүмкүн. Андыктан, алдын ала саясатты туура анализ кылганда дагы, президенттин ишенимдүү адамы эл өкүлү болуп турганы өтө маанилүү экен. Маселен, ушу кезде Асылбек мырзанын кабинетине кезекке тургандардын тизмелей узарганы, баары эле бир ооздон жардам берүү үчүн келип атышканы чындык. Эгерде ак ниеттүүлүк менен мамлекетибизге иштеп берсек, эмнеге тыңчыкмаларды чет өлкөгө «сүргүнгө» айдашыбыз керек?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ