Мыйзам долбоору бир топ жылдан бери талкууланып келет. Кезинде Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында «Кумтөр» алтын кени жайгашкан жердеги мөӊгүлөрдүн көлөмү жалпы Кыргызстандын мөӊгүлөрүнүн 0,01 пайызын гана түзөт деген корутундусун берген. Бул тууралуу депутат Азамат Арапбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында мөӊгүлөрдүн алдындагы кендерди иштетүүгө жол бере турган “КР Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
«Кумтөр» маселеси айрым бир бейөкмөт уюмдардын айынын өтө эле саясатташып кетти. Биз айрым бир бейөкмөт уюмдар үчүн Өкмөттүн колун кармабай, мыйзамды тездетип кабыл алып беришибиз керек. Жыл аяктап барат, бюджетке каражат түшүшү керек», – дейт ал. Ал депутаттарды мыйзам долбоорун колдоого чакырды.
Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ