Menu

Жалал-Абад: ВИЧ/СПИД боюнча мыйзам базасын өзгөртүү керек

Бөлүшүү:

Эгер республикада ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандар саны улам өсүп, быйылкы тогуз айда 7339ду түзсө, Жалал-Абад шаары алардын саны боюнча 5-орунда турат. Ал эми област аймагында ушул илдеттин таралышы боюнча кооптуу аймактарга кирет. Бирок, ВИЧ алып жүрүүчүлөрдү аныктоо максатында жүргүзүлүүчү алдын ала текшерүүлөр жагынан көйгөйлөр келип чыгууда. Аны үчүн ВИЧ-СПИДдин алдын алуу боюнча мыйзам базасын өзгөртүү зарыл.  Бул тууралуу шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун директору Элмира Сатарованын айтымында, Жалал-Абад шаарында ВИЧ алып жүрүүчүлөр саны 367 болсо, алардын 61 пайызы эркектер болуп саналат. Быйылкы жылы дагы 17 киши ВИЧ алып жүрүүчү экени аныкталган. Бул оор илдеттен ушуга чейин 91 киши каза болсо, 83 киши көзөмөлдөн сыртта калышкан, башкача айтканда, башка аймактарга ооп кетишкен. Ал эми илдети аныкталган жарандардын 80 пайызы ооруну жыныстык жол менен жуктуруп алышкандар.

Эң көйгөйлүү жери, шаарда бул илдетке чалдыккан 20 бала каттоодо турат, алардын 17си мектепке барышууда. Калгандары жашы боюнча балдар бакчаларына барышат.

Жыйында илдетке чалдыгуунун алдын алуу боюнча анализдерди алып, текшерүү жүргүзүү жагынан медициналык мекемелерде кемчиликтер орун алганы маалым болду. Негизинен кош бойлуу аялдар гана текшерүүдөн өткөрүлүп, тобокел тайпасына кирген жарандардын көбү текшерүүдөн өтпөй калып жатканы белгиленди. Бул болсо, бул илдеттин кеңири жайылып кетишине өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Жыйынга катышкан медицина кызматкерлери, коомчулук өкүлдөрү ВИЧ-СПИДдин алдын алуу боюнча мыйзам базасын өзгөртүү зарылдыгын белгилешти. Алардын айтымында, мыйзамда илдетти алдын алу аныктоо максатында текшерүүлөр жарандын өзүнүн макулдугу менен гана жүргүзүлөт деп жазылган. Бирок, мындай абал ишти алдыга жылдырууга шарт түзбөйт. Ошондуктан, милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүү жагын мыйзамдаштыруу керек.

Жыйында ВИЧСПИДдин алдын алуу чараларын күчөтүү багытында маанилүү чечимдер кабыл алынды.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: