Menu

Мирлан Жээнчороев, РАЖ фракциясынан депутат: “Фракциябыз бүгүн ынтымакта”

Бөлүшүү:

– Мирлан мырза, «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидерлигине Талант Мамытов менен Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатыптыр. Сиз бул экөөнүн кимиси татыктуу деп ойлойсуз?

– Жыйырма жети депутаттын баары татыктуу. Бирок, фракция жетекчилигине бир эле фракцияда эмес, жалпы депутаттардын арасында, жалпы коомго таанымал, өзүнүн аброю менен саясый нуктагы маселелерди көтөрүп, эл да, коом да, фракция да, Жогорку Кецеш да кабыл ала турган, сөзү өтүмдүү, саясый тажрыйбасы бар адам болуш керек. Анткени, бул абдан чоң даражадагы орун, укуктарына караганда милдеттери көбүрөөк.

– Биз уккан маалыматтар боюнча, сиздердин фракциядагы 27 депутаттын жыйырмасы Бабановду кетирүүнү жактап, жетөө акырына чейин каршы болушуптур. Сиз кайсы тобундасыз?

– Фракция Өмүрбек Токтогуловичтин өз арызын кабыл алып, коомчулукка таркатты. Фракция бүгүнкү күндө ынтымакта. Ынтымакташып, чогулуп, маселелерди чечип жатабыз.

– Сиз өзүңүз талапкерлигиңизди койгон жоксузбу?

-Жок, жок! Мен претендовать эткен жокмун.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: