Menu

Бийлик “Суу кодексине” өзгөртүү киргизип, Канадалыктарга Кумтөрдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого уруксат берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-ноябрда КР Жогорку Кеңеши КР Өкмөтү сунуштаган “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 3-окууда карап, кабыл алды. Жыйынга катышкан 85 депутаттын 63 “ооба”, 22 “каршы” добуш беришти.

Бул маселе боюнча депутаттардын алдына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип, аны колдоп берүүнү өтүнгөн.

Мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Чындыгында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү акыркы жылдарда тымызын талкаланып башталган. Буга чейин жер астынан шахталык усул менен алтын казып келген канадалыктар эми арзан жана оңой жол болгон – жер үстүнөн алтын казууга өтүшкөн. Бул максатта Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн көчүрөбүз деп машиналар менен мөңгүлөрдү четинен кертип ташый башташкан. Мөңгүлөрдүн тилин кесе башташканынан алардын эрүүсү күчөгөн жана жылып кетүү коркунучу туулган.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну парламенттен талап кылып жатышкан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: