Menu

Видео – Жанар Акаев: мөңгүлөрдү талкалоого каршымын

Бөлүшүү:

Мөңгүлөрдү талкалоого каршы добуш бердим. Эмне үчүн?

1) Мыйзам боюнча бир дагы кен казуучу компания мөңгүгө кол салууга укугу жок, бирок Центерра Давыдов менен Лысый мөңгүсүнө кол салып, керек болсо аны бүгүн мыйзамдаштырып бердик. Мен Кумтөргө барып келдим, Давыдов мөңгүсүнүн жарымы жок болгон, Лысый дагы четинен кертилип баштаптыр! Жоопкерчиликти тарктан бирөө болобу буга? Өкмөт болсо аларга адвокат болгонун койбоду, уялбай дагы залда колдоп бергениңерге рахмат деп сүйүнүп жүрүшөт.

2) Эртең эми башка инвесторлор келип, мөңгү бизде да эрип баштады, Центеррага бергендей уруксатты бизге да бергиле, тажрыйбаңар бар десе, өкмөт дагы келеби? Бул өнөкөт болуп калат, анткени парламентте көпчүлүк айбат кылыш керек болчу!

3) Жер астынан кенди казуу бир жылдары башталган, бирок ал токтоп жер үстүнөн казылды. Ошого ким уруксат берди жана эмне үчүн бир да киши ушундай катачылыктарына жооп берген жок?

4) Президент БУУда мөңгүлөрдү сактоо чакырыгын салды, а бул жакта өкмөт мөңгүлөрдү талкалоого уруксат алды. Эки жүздүү саясат эл аралык кадыр-баркыбызды ого бетер түшүрдү.

5) Эң өкүндүргөнү-бу кыргызда пулуң болсо-кулуңмун деген саясат башкы орунга чыкты, келечек, абийир, тарых алдында жооп берүү сыяктуу башкы баалуулуктар артка жылды. 2040-жылга стратегия жазганды мындай кой, алдыңда кашкайып турган маселени чечалбай, мөңгүңөн бери сатып отурасың, сүйлөгөнүңөр таза коом. Коомго тийишпей, өзүңөрдү тазалап алгыла деген киши жок.

Булак: Жанар Акаевдин Facebook баракчасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: