Menu

Сейтказы Матаев мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Бөлүшүү:

Капшагай шаарынын соту Казакстан журналисттер биримдигинин төрагасы камактагы Сейтказы Матаевди бошотту. Матаев эми жазасын шарттуу түрдө өтөйт.

Сот чечими он беш күндөн кийин күчүнө кирет. Ушул аралыкта мамлекеттик айыптоочу доо арыз жазууга укугу бар. Матаев сотко видео байланыш аркылуу катышты.

Отурумда прокурор Сейтказы Матаев сот өкүмү боюнча мамлекетке келтирилген 200 миллион теңге чыгымды төлөбөгөнүн айтып, аны бошотууга каршы чыкты.

Колониянын дарыгерлери Матаевдин кан басымы жогорулап кеткенин, түрмөнүн санитардык бөлүмүндө тиешелүү жардам ала албай турганын айтышып, аны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотууну сурашты.

Сейтказы Матаев түрмө тартиптерин бузбагандыгы үчүн абактын өкүлү аны эрте бошотуу тууралуу өтүнүчтөрдү колдой турганын билдирди.

62 жаштагы Матаев мамлекеттик каражатты кымырып алган жана мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн деген айып менен былтыр күзүндө алты жылга эркинен ажыратылган. Анын уулу, КазТАГ жеке агенттигинин жетекчиси Асет Матаев акча кымырууга жардам берген делип, беш жылга кесилген. Өкүм боюнча Матаевдер Маалымат жана коммуникация министрлигине 169 миллион теңге, “Казтелеком” компаниясына 140 миллион теңге кайтарууга тийиш болгон. Алар өздөрүнө тагылган айыптарды моюнга алышкан эмес. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Матаевдин соттолушун айыпташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: