15-ноябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан мыйсамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана окторду аныктоо боюнча жүргүзүлгөн рейддин негизинде Ош облусунун 1983-жылы туулган У.А. аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кармалган. Андан Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылы менен Өзгөн районунун Куршаб айылынын ортосунда жайгашкан көпүрөнүн жанына жашырып койгон 1961-жылы чыккан “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал, колго жасалган тапанча, 19 даана 5,45-калибрдеги ок жана 18 даана 9-калибрдеги ок табалып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ушул эле күнү Лейлек районунун аймагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо үчүн рейд жүрүп, натыйжасында Дархун айылынын 1994-жылы туулган Б.Х. аттуу жашоочусунан тиешелүү документтери жок 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы Ак-Үрүк жайлоосунан алынган.
Алынган куралдар, октор жергиликтүү милиция кызматы тарабынан экспертизага жөнөтүлүп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ