Menu

Видео – Өзбекстандык продюсер швед ырчысы Арашты сотко берет

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Nigora Media Group продюсердик компаниясынын жетекчиси Нигора Соим поп ырчысы Арашты сотко берүүгө даярданууда. Өзбек продюсеринин айтымында, октябрга белгиленген концерт болбой калгандыгына байланыштуу ал 50 миң доллар чыгаша тарткан.

– Келишимге ылайык, мен Араштын гонорарынын 50 пайызын төлөп бергем, муну далилдеген документтерим бар. Мындан тышкары анын тобундагы 11 кишинин баарына тең билет алгам, алар азыр менде. Ага карабай, Араш келген жок. Концерт болбой калды. Мен билет сатып алган көрүүчүлөрдүн акчаларын кайтарып бердим. Жыйынтыгында 50 миң АКШ долларынын тегерегинде зыян тарттым. Азыр Арашты сотко берүү үчүн бардык документтерим даяр , – деди Нигора Соим.

Иран тектүү белгилүү швед ырчысы Араш 31-октябрда Ташкентте концерт бермек. Бирок бир күн калганда ал Өзбекстанга келүүдөн баш тарткан. Араш бул аракетин өзбек уюштуруучулары өз милдеттенмелерин аткарган эмес деп түшүндүргөн.

Араштын продюсери Генрик Ульман 14-ноябрда Nigora Media Group продюсердик компаниясы гонарарды толук төлөп бербегендиктен, концерт коюудан баш тартышканын билдирди.

Нигора Соим гонорардын калган бөлүгүн Араш Ташкентке келгенде төлөп берерин убадалаганын айтууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: