Menu

Чүй облусунун аймагында “Камкордук” аталышындагы алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө

Бөлүшүү:

2017-жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин Чүй облусунун аймагында “Камкордук” аталышындагы ыкчам-алдын алуу рейддик иш-чаралары уюштурулууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы рейддин алкагында Чүй облусунун аймагынан түнкүсүн жашы жете элек өспүрүмдөрдүн чогулуучу жайлары: компьютердик клубдар, кафе-ресторандар, сауналар, барлар, мечет-медереселер жана башка коомдук жайларды текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул текшерүүнүн максаты үйүнөн качып чыккандарды, кайырчылык менен алектенгендерди аныктоо, издөөдө жүргөндөрдүн өздүгүн тактоо жана жаш өспүрүмдөрдүн тартип бузууларын алдын алуу болуп эсептелет.

Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр ички иштер органдарынын тизмесинде турган жаш өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

“Камкордук” аталышындагы рейддик иш-чараларынын жүрүшүндө 15-ноябрь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Жайыл районунун аймагындагы мектеп окуучуларынан куралган милициянын жаш достору отрядынан 17 команда даярдалып, алардын кароо-сынагы болуп өттү. Бул конкурстун катышуучулары сапка тизилүү, салтанаттуу жүрүш, милиция тууралуу ырлар, видео ролик жана милициянын жаш досторунун аткарган жумуштары тууралуу сынактар боюнча таймашышты. Иш-чаранын соңунда “милициянын жаш достору” аталышындагы конкурска активдүү катышкан ар бир окуучу дипломдор жана белектер менен сыйланышты. Мындай иш-чаралар 17-ноябрга чейин Чүй облусу боюнча улантылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: