Menu

Путин “ДНР” жана “ЛНР” лидерлери менен Донбасстагы туткундарды бошотуу маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин өздөрүн “ДНР” жана “ЛНР” деп атаган аймактын лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий менен Донбасстагы туткундарды алмашуу боюнча телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, Захарченко менен Плотницкий туткундарды алмашуу идеасын колдошууда.

Бул өзүн Донецк жана Луганск элдик республикасы деп жарыялап алган аймактардын лидерлери менен Путиндин расмий түрдөгү алгачкы сүйлөшүүсү. Туткундарды алмаштыруу демилгеси “Украин тандоосу” кыймылынын лидери Виктор Медведчукка таандык. Шаршемби, 15-ноябрда Медведчук Путин менен Истра шаарындагы Ново-Иерусалим монастырында жолуккан.

Медведчук Орусия президентин “гумандуулук көрсөтүп”, жикчилдердин башчыларына туткундарды алмаштыруу сунушу менен кайрылууга үндөгөн. Анын айтымында, жылдын соңуна чейин Украина үч жүздөй кишини бошотууга даяр жана орусиячыл жикчилдерден 74 туткунду бошотууну күтүүдө.

Украин тараптын эсебинде, Донецк менен Луганскта 144 украин жараны кармалууда. Киев алардын 87синин турган жерин аныктоого жетишкен. Украинанын чыгышындагы үч жылга созулган куралдуу жаңжал аралыгында үч миңден ашуун украин жараны туткундан бошотулган же табылган. Мындан тышкары төрт жүздөйү дайынсыз жоголууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: