Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович ээлеген кызматынан бошотулду.
Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С. Исаковдун сунушу боюнча кабыл алынды. Сунушка Дүйшөнбек Зилалиевдин башка ишке өткөндүгү негиз болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ