Menu

Атамбаев Казакстан берчү каражаттан баш тартып…

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев Астана берчү каражаттан баш тартуу жөнүндө мыйзамга бүгүн кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 9-ноябрда кабыл алган. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул тууралуу Астанага маалымдоо милдети Тышкы иштер министрлигине жүктөлдү. Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон эле. Кыргыз тарап бул каражатка чек арадагы өткөрмө бекеттерди оңдоп, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууну көздөгөн. Бирок кайтарымсыз жардам кечиккени үчүн өкмөт лабораторияларды бюджеттеги каражатка бүткөргөнүн маалымдаган. Казакстан да аталган макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдай баштаган.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: