Menu

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттеринин дин аалымдары келечектеги кызматташуу тууралуу талкуулашты

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган дин аалымдары Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында  өтүп жаткан “Ислам тынчтыктын жана боорукерликтин дини” аттуу илимий конференциянын алкагында Өзбекстан жана Казахстан мамлекеттерининин дин өкүлдөрү менен жолугушушту. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында мамлекеттер аралык тыгыз байланышты күчөтүү, биргелешип иш алып барууда дин кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусу жана ортодогу алакаларды бекемдөө, бирдиктүү фатва жана Орто азияда мурунку кылымдарда жашап өткөн дин аалымдарынын бизге калтырган көөнөргүс мурасы дин, хадис илимдерин жайылтууда Ислам борборлорун куруу сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.

Алгач Өзбекстан Республикасынын Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Усманхан ажы Алимов Кыргызстандан барган дин аалымдарын жылуу тосуп алып, өтүлүүчү илимий конференциянын маанилүүлүгү жана Дин Башкармалыктар ортосундагы кызматташууну жакшыртуу, тажрыйба алмашуу жаатында иш алып баруу зарылдыгына токтолду. Муну менен катар жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан мамлекеттеринин дин аалымдарынын  келечектеги кызматташтыгы жана тилектештик ишинин маселелери боюнча макулдашышты. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бул жолугушуу саамалыгы эки бир тууган өлкө ортосундагы дин кызматкерлеринин тыгыз иш алып барып, тажрыйба алмашуусунда чоң өбөлгө болоорун баса белгилеп, билим берүү, терс диний агымдардын алдын алуу жана Дин Башкармалыктардын кызматкерлеринин биргеликте иш алып баруусун жакшыртаарын билдирди.

Эскерте кетсек, 15-ноябрда  Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында  “Ислам тынчтыктын жана боорукерликтин дини” аттуу илимий конференция өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын курамындагы кызматкерлер болуп, жалпысы 11 дин аалымы катышыты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: