Menu

Сочи шаарында өткөн самбо боюнча дүйнөлүк мелдеште милициянын кызматкери Улан Абдиманап уулу коло медаль тагынды

Бөлүшүү:

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк мелдеште жеңишке жетишкен Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абаддагы өзүнчө ротасынын кызматкери Улан Абдиманап уулун салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 11-12-ноябрь күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча Дүйнөлүк чемпионатында ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абаддагы өзүнчө ротасынын кызматкери Улан Абдиманап уулу 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынган. Чемпионатка өлкөбүздөн 17 спортчу (15 эркек, 2 аял) катышып, милициянын сержанты Абдиманап уулу Улан 100 килограммдан жогору салмактагылар арасында жеңишке жеткен.

Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсүн Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги, жергиликтүү депутаттар, мектеп окуучулары, студенттер жана кесиптештери ак калпак, чепкен кийгизип тосуп алышты.

«Буга чейин Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 1-орунду алганмын. Бул жолку беттеште алгач Бразилия, кийин Кореянын спортчулары менен беттештим. Алтын байгени алам деген ниеттер бар болчу, насип экен 3-орунду алып калдым, бирок шүгүрчүлүк келтирем. Баса белгилеп кетчү нерсе мага колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берген Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Жалал- Абад ОИИБнин жетекчилигине, машыктыруучуларыма учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип кетем, мага болгон ишеничтерин кийинки мелдештерде да актоого бүт аракетимди жасайм», – деди Улан Абдиманап уулу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: