Menu

Студенттер укуктук жактан кеңири маалымат алышты

Бөлүшүү:

Социологиялык иликтөөлөр  көрсөткөндөй     жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү юридикалык өңүттөн алганда     өздөрү туш болгон   ченемдик укуктук актыларга келгенде бир катар  тоскоолдуктарга туш болуп жаткан  фактылар аз эмес.  Бул туурасында Нарын облустук сотунун басма – сөз кызматы билдирет.

Ушундан улам, жарандардын укуктук билимин жакшыртуу  максатында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан бекитилген иш чарага ылайык         мезгил-мезгили менен судьялардын катышуусунда эмгек жамааттарында     жолугушууларды уюштуруу иштери   каралган. Андыктан,  иш чаранын алкагында   “Сот системасы анда иштин кароонун тартиптери” – деген теманын алдында апта  ичинде   Нарын мамлекеттик университетинин  агрардык техникалык факультетинин  студенттери  менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууга Нарын облустук сотунун төрагасынын жарандык иштер боюнча  орун басары     судья Туратбек  Ташмамбетов  катышып,  сот тутумунун милдети, орду, соттук отурумда кабыл алынган чечим,  жарандык иштерди кароонун  тартиптери тууралуу  кеңири баяндама    жасап, студенттердин ар кыл темадагы суроолоруна жооп берди.

Өз кезегинде студенттер  мындай жолугушуулар укуктук жактан билимди жогорулатууга түрткү бергендигин айтышып, сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалымат алышкандыктарын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: