Menu

Кыргызстандык делегаттар Анжияндагы сүрөт көргөзмөсүнө катышып, өнөрпоздордун кол эмгектерине күбө болушту

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, облус казылары, Муфтият кызматкерлери  Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарындагы Анжиян мамлекеттик университети уюштурган «Диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү» аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнө катышышты.  Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Көргөзмө аталган университетинин теология факультети тарабынан уюштурулуп, ага жүздөн ашык көргөзмөлөр коюлган. Элдин назарына коюлган кол эмгектер аталган университеттин студенттерине, мектеп окуучуларына таандык. Көргөзмөгө карикатура, живопись жана башка жанрдагы сүрөттөр коюлуп, келген коноктордун купулуна толду.

«Азыркы учурда жаштар арасында терс агымдарга кирип кетүүлөр көп болуп аткандыгы өкүндүрөт. Биз бул иш чара аркылуу өсүп келе жаткан жаш муунга экстремизм жана терроризмдин кандай коркунучу бар экенин, Ислам динине булардын эч бир байланышы жок экенин айткыбыз келди. Мекенди сүйүү, ата-энени урматтоо, билим алуу тематикадагы сүрөттөрдү да камтыганга аракет кылдык» – дейт уюштуруучулар.

Эскете кетсек, көргөзмө университетте үч күн туруп, андан соң мектептерге дагы уюштурулмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: