Menu

Фото – Дүйнөлүк чемпионатында ИИМдин «Шумкар» ротасынын кызматкери Улан 3-орунга ээ болуп, коло медал тагынды

Бөлүшүү:

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк мелдеште жеңишке жетишкен КР ИИМдин Атайын багыттагы Шумкар полкунун Жалал-Абаддагы өзүнчө ротасынын кызматкери Улан Абдиманап уулун салтанаттуу түрдө тосуп алды. Бул туралуу Жалал-Абад ИИБтин пресс-кызматы маалымдады.

11-12-ноябрь күндөрү Россия федерациясынын Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча Дүйнөлүк чемпионатында ИИМдин «Шумкар» ротасынын кызматкери Улан 3-орунга ээ болуп, коло медал тагынды.
Чемпионатка  өлкөбүздөн 17 спортчу (15 эркек, 2 аял) катышып, анын ичинен «Шумкар» полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын 1-взводунун сержанты Абдиманап уулу Улан 100 килограммдан жогору салмактагылар арасында жеңишке жеткен.
Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсүн Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги,жергиликтүү депутаттар, мектеп окуучулары, студенттер жана кесиптештери ак калпак, чепкен кийгизип тосуп алышты.
«Буга чейин Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 1-орунду алганмын. Бул жолку беттеште алгач Бразилия, кийин Кореянын спортсмени менен беттештим. Алтын байгени алам деген ниеттер бар болчу, насип экен 3-орунду алып калдым, бирок шүгүрчүлүк келтирем. Баса белгилеп кетчү нерсе мага колдоо,шарт түзүп берген ИИМдин, ОИИБнин жетекчилигине, машыктыруучуларыма учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип кетем, мага болгон ишеничтерин кийинки мелдештерде да актоого бүт аракетимди жасайм», – деди Улан Абдиманап уулу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: