Menu

ЕККУ менен Душанбе ортодогу пикир келишпестиктерди жоюшту

Бөлүшүү:

ЕККУнун Душанбедеги программалык кеңсесинин башчысы Туула Юрьёля Тажикстан бийлиги менен болгон пикир келишпестиктер жоюлганын билдирди. Ортодогу көйгөйлөр Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен «Группа 24» кыймылынын тарапташтарынын ЕККУнун 2016-жылы Варшавада өткөн Адам укуктары бюросунун жыйынына катышуусуна уруксат берилгенден кийин башталган.

Июнда ЕККУнун туруктуу кеңеши Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн макамын Душанбедеги программалык кеңсеге чейин төмөндөткөн. Анда Туула Юрьёля жаңы макамда уюмдун талаа кеңселеринин ишмердүүлүгү каралбаганын билдирип, бирок уюмдун программалык кеңсеси өз долбоорлорун өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырууга укуктуу экенин кошумчалаган. ЕККУнун аймактык кеңселеринде 215 жергиликтүү адис эмгектенип келген.

– Тажикстандагы биздин программалык кеңсе өлкөдөгү коопсуздукту жана өнүгүүнү камсыздоого байланышкан долбоорлордун үстүндө иштеп жатат. 2010-жылдан бери ЕККУ Тажикстанга экстремизм жана терроризмге каршы күрөштө, ошондой эле чек араларды бекемдөөдө жардам берип келет. Андан тышкары биз тажик өкмөтүнө 2016-2020-жылдарда терроризмге каршы күрөшүү стратегиясын даярдоого көмөктөштүк. Бул документке Тажикстан президенти Эмомали Рахмон тарабынан өткөн жылы ноябрда кол коюлган. Бир нече күн мурда биздин Программалык кеңсе менен Тажикстандын Коргоо министрлиги жарылуу коркунучу бар предметтер боюнча аймактык машыгуу борборун түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшту, – деди Туула Юрьёля.

Анын айтымында, Тажикстан бийлиги менен пикир келишпестиктер Варшавадагы ЕККУнун Адам укуктары бюросунун жыйынында тажик бийлиги сынга алынгандан кийин башталган.

– Жеке мен ал адамдарды жана саясий топторду айыптоо укугуна ээ эмесмин. Бирок ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн айрымдары ал топторду радикал же террористтик деп эсептешпейт. Тажикстан ТИМ башчысы менен болгон жолугушуу маалында мен бул маселе боюнча тажик тараптын позициясын ЕККУга мүчө башка өлкөлөргө жеткире ала турганымды айттым. Тажик бийлиги аталган оппозициялык партиялар менен топтордун мүчөлөрүн террорист деп таануу тууралуу ЕККУ менен талкуусун улантууга ниеттенип жатат. Биздин кеңсе тууралуу айтсам, биз бийлик менен жакшы мамиле түзө алдык жана алар туруктуу бойдон калат деп ишенем», — деди ал.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: