Menu

Ташкент базарларында максималдуу баалар белгиленди

Бөлүшүү:

Ташкент базарларында 1-ноябрдан 30-ноябрга чейин айрым азык-түлүк түрлөрү үчүн максималдуу баалар белгиленди. Алардын тизмеси Ташкенттин мэри Рахмонбек Усманов менен тиешелүү комитет жана уюмдардын жетекчилери тарабынан бекитилди.

Менчиктештирилген ишканаларга көмөктөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет документти Потребитель.уз уюмуна жөнөттү.

Документке ылайык, базарда 1 килограмм картошканын баасы 3000 сумдан, пияздыкы 2000 сумдан, сабиздики 1500 сумдан, күрүч 3600 («аланга» сорту) жана 6500 сумдан («лазер» сорту) ашпоого тийиш.

Уйдун эти үчүн – 33000, койдун этине – 34000, тооктукуна – 18000 сум максималдуу баа коюлду. Мындан тышкары балык түрлөрүнүн дагы жогорку баалары белгиленип, ак амур жана сазан балыктарын 15 000 сумдан кымбат сатууга тыюу салынды.

Буга байланыштуу Потребитель.уз уюму жарандарга кайрылып, аларды белгиленген баалар бузулган учурлар жөнүндө кабарлап турууга чакырды. «Силер – бул токтомдун эң мыкты көзөмөлдөөчүсүсүңөр», – деп жазды уюм Facebook баракчасына.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: