Шымкент шаардык соту дин үчүн аялына кол салган Хайрулла Нарметовду эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды.
Сот Нарметовду ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү беренеси боюнча айыптуу деп тапты.
Түштүк-Казакстан облусунда туулган 34 жаштагы Хайрулла Нарметов толугу менен күнөөсүн моюнуна алып, жасаган иши үчүн өкүнүп жатканын билдирген.
Жума башында 34 жаштагы Хайруллой Норметов исламдан баш тартып христиан динин кабыл алганы үчүн аялына бычак урганын Whatsapp месенжери аркылуу досуна жөнөткөн видеодо билдирген. Кийин ал социалдык түйүндөрдө жайылып кеткен.
Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы бычак жеген аялдын абалы учурда туруктуу экенин маалымдады. Аны жандандыруу бөлүмүнөн палатага которушту.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ