Menu

Токмок шаардык милициясынын сабатсыз жетекчилиги “беспредел” уюштуруп

Бөлүшүү:

5-каналдын кызматкерлерин Токмок шаарынын милиция кызматкерлери кармап кетишиптир. Милиция дайыма ушундай ыкчам иштесе гана атаганат. Аталган каналдагы кесиптештерибиз, Токмок шаардык инфекциялык ооруканасынан атайын материал тартканы барышкан. Натыйжада аталган оорукананын башкы дарыгери милиция чакырган. Тездик менен жетип келген милийсалар журналисттерди машинелерине салып кетишкен.

Массалык маалымат каражаттарына тиешелүү мыйзамдын 8-беренесинде – “гарантии профессиональной деятельности журналиста. Профессиональные права, честь и достоинство журналиста охраняются законом. Журналист при исполнении профессиональных обязанностей пользуется гарантией неприкосновенности личности. Преследование журналиста за публикацию критических материалов не допускается. Государство гарантирует журналисту свободное получение и распространение информации, обеспечивает его защиту при осуществлении им профессиональной деятельности. Запрещается вмешательство в профессиональную деятельность журналиста, требование от него каких-либо сведений, полученных при исполнении профессиональных обязанностей” – деп бадырайып жазылып турат. Журналисттерди кармаганга макулдук берген Токмок шаардык милициясынын жетекчилиги сабатсызбы деген суроо туулат? Мындай факты биз билгенден биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин саясий иш-чараларда гана катталчу. Токмок милициясы “кыйын” окшойт. Канат Жумагазиев кызматкерлерине журналисттердин укугун коргоону, коопсуздугун камсыздоону эскертпейт окшойт. Же Чойбеков чойролоңдоп өз билгенин жасайбы? Кызык…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: