20-ноябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жаӊы республикалык бюджетинин долбоорун талкуулоого арналган кеӊейтилген жыйыны өтөт. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттер менен адистер, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Жыйында каралчу маселелер:
1. «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
2. “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган
Иш-чара Жогорку Кеӊештин жыйындар залында 20-ноябрь күнү саат 10:00дө башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ