Menu

Сапар Исаков кыргыз киносунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 17-ноябрда, кыргыз киносунун кызматкерлерин кесиптик майрамы –кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Премьер-министрдин куттуктоосу:

«Урматтуу кыргыз киносунун кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз киносунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Советтик кино мейкиндигинде “Кыргыз керемети” аталган кыргыз фильмдери өзүнүн жандуу тартылышы менен эл аралык, союздук кино форумдардын экрандарынан бир нече жолу коюлуп, “мыкты режиссер”, “мыкты сценарий”, “мыкты актёр” сыяктуу жогорку наамдарды алган.

Азыркы кыргыз кинематографиясындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүк үчүн жасалып жаткан иштер өлкөдөгү маданият тармагынын өнүгүүсүн көрсөткөн белгилерден болуп саналат. Доор алмашкандан бери азыркы кыргыз кинематографиясы кайрадан жанданып, дүйнөлүк беделдүү кинофестивалдарга катышып, жеңүүчүлөрдөн болуп, баарыбызды кубандырып жаткандыгы мунун айкын далили.

Учурда кыргыз киносу өлкөдө бирдиктүү маданий мейкиндикти калыптандырып, кино жаатындагы маданий менталитетти пайда кылууга зор салым кошууда.

Өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасында биздин өлкөдө Борбордук Азиялык киномектепти түзүү долбоору сунушталды. Бул кадам Кыргызстанга постсоветтик мейкиндикте кино чөйрөсүндө алдыңкы орунга чыгууга мүмкүндүк берет. Кыргыз жана жалпы алганда борбордук азиялык кинону өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге чыгаруу максатын ишке ашырууда Кыргыз киносуна күйгөн бардык жарандарыбыз жана жаңы муундун креативдүү өкүлдөрү чоң күч болуп бересиздер деп ишенебиз.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармалык ийгиликтерди жана жаратмандыкты каалайм».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: