Ажо Атамбаев креслосу менен коштошоруна саналуу эле убакыт калганда көптөгөн саясатчылардын дарегине ачуу сөздөрдү айтып, саясий абалды кыйла эле курчутту. Президентке учуру келгенде көрсөтөм деген саясатчылардын тизмеси узарды. Кечээ бул тизмеге Зиядин Жамалдинов кошулду. Атамбаев депутатты “эл душманы” деп атады. Энергетика жана жолдор үчүн насыя алып эмне кылабыз деген Зиядин Жамалдинов кыргыз элинин душманы болуп чыга келди. Президенттин ою боюнча эл өкүлдөрү азыраак кыйкырышса, көп насыя алууга мүмкүн болмок экен дагы, альтернативдик жолдор курулуп, кыргыз эли үчүн жаңы рыноктор ачылмак экен. Зиядин Жамалдинов чындыгында 1 млрд 200 млн доллар жолдорду курууга кеткенин билдирип, салынып жаткан жолдор сапатсыз болуп жатканын, кайра эле оңдоо иштерине олчойгон сумма кетип жатканын айткан. Сапатсыз жолдорду салып жаткандарды калкалап жаткандар эмне үчүн эл душманы аталбайт, урматтуу президент? Жол салган кытайлык компанияны кимдер калкалап жүргөнүн коомчулук жашырбастан ачык айтып жүрбөйбү. Алар эл душманы болбой, насыя албашыбыз керек деген Жамалдинов жалгыз эл душманы болуп калабы?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ