Ден-соолугун карап четте дарыланып жүрөт, өлкөгө сөзсүз келет деген Өмүке жакын арада өлкөгө келсе креслого эмес, нарага олтура турганын президент ачыктады. Атамбаевдин таасири күч болуп турган кезде БӨТ өлкөгө кирип келсе түз эле темир торго бара тургандай болуп калды. Президент баарын кечирсе дагы, Өмүрбектин “Атамбаев 2011-жылы коалиция түзө албай калган кезде, мен коалиция түзүп, аны премьер-министрликке алып баргам” деп айтканын өмүр бою кечире албайт. Ошол сөзү үчүн ажонун каарына калып олтурат. Бабанов деп добуш берген 600 миңге жакын адамдын, Бабанов президент болбой калды деп ыйлаган наристенин ишеними үчүн падышанын каарына карабай келип, чөгөлөп жашагыча, тик туруп өлгөн артык дегенди тастыктачу учуру келип туру. Нарага олтуруп, параша жыттаган саясатчы президент болуп олтурбайбы. БӨТ деле нарага убактылуу болсо да олтуруп чыкса, кийинкиге “шанс” мол болмок.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ