Menu

Камиль Осмоналиевге Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Бүгүн,  17-ноябрда, Кыргыз  Республикасынын Жогорку Соттун судьясы Камиль Осмоналиевге Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Мындай чечимди окуу жайдын илимий кеңеши бир добуштан колдогонун  Касым Тыныстановдун  ысымын алып жүргөн университеттин ректору Курманбек Абдылдаев салтанаттуу жыйында билдирди. Сыйлыкты тапшырууга Ысык-Кол облусунан атайын делегация  Кыргыз Республикасынын Жогорку  Сотуна келишти. Айта  кетсек, Камиль Осмоналиев көп жылдар  бою аталган окуу жай менен тыгыз кызматташтыкта болуп, түрдүү тегерек стол, семинарларында баалуу ойлору менен бөлүшүп окуу жайдын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Учурда болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумдун катчысы жана судьялык  милдеттин аткарып келет. Салтанаттуу жыйында сыйлык ээсин Жогорку Соттун  кызматкерлери жана судьялар куттукташты. Өз кезегинде Камиль Осмоналиев  ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы аталган окуу жай менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: