Menu

Атамбаев Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун чоң салтанаттуу ачылышына катышты

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев 17-ноябрда  Санкт-Петербургга жасаган  иш сапарынын алкагында  Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун чоң салтанаттуу ачылыша катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Россиянын Президенти Владимир Путин Форумдун ачылышында Президент Алмазбек Атамбаевге  кош келипсиз деп, ошондой эле  салтанаттуу иш чаранын катышуучуларына кайрылды.

«Алты жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн чыгармачыл ишмерлери Санкт-Петербургга   искусствонун, билим берүүнүн, тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун актуалдуу проблемаларын кесиптештери менен талкуулап, өз идеялары менен бөлүшүү, гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктоо үчүн чогулушат”, -деди Президент Владимир Путин.

Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине Россиянын  Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: