Menu

Кантип мамлекеттик тилдин баркын көтөрө алабыз?

Бөлүшүү:

Азыр дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндө 2 же андан көп тилдер менен өз ара мамиле кылышат. Ал өлкөлөрдүн биринде да, өлкөдө жашаган улуттар өзүнүн улутун жоготкон жери жок. Кош тилдүүлүк улуттук ар-намыска залакасын эч убакта тийгизбеш керек. Көп тил билген адам, кай жерде болсун бааланат. Бекеринен Казакстандын президенти Н. Назарбаев казак элинин азыркы жетишкендиктерин, билингвизмдин пайдасынан улам деп, баалабаптыр да. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жолдорун кыргыз тилинин өзүнөн издешибиз керек. Башкача айтканда, биздин кыргыз тилибиз орус, немис, англис, түрк жана кытай тилдери сыяктуу жүк көтөрүүгө даярбы? Даяр болбосо, эмне жетишпегендиктерибиз бар? Аларды канткенде жолго кое алабыз?

Борбордук Азия республикаларында орус тили, азыр жана дагы бир топ жыл улуттар арасын байланыштыра турган тилдик статусун жоготпой турганы белгилүү. Борбордук Азиядагы беш республиканын ичинен, Казакстан менен Кыргызстанда орус тили өз статусун жогото элек. Ал турсун, Кыргызстанда расмий тил катары кабыл алынып, көп учурда мамлекеттик тилден да баалуу, күчтүү болуп кеткен жактары бар. Казакстанда улуттар арасындагы байланыш тили статусун алган, бирок орус тилдүү калктын көптүгүнөн, казактардын өздөрү да орус тилдүү болуп кетишкен. Ошондуктан орус тили казак тилине үстөмдүк кылган учурлар көп кездешет. Аны Казакстанда чыккан ММКдын санынан улам деле байкаса болот.

Жалпы жонунан Борбордук Азиядагы беш республикадагы абал менен таанышып чыккандан кийин, тилдик кырдаал биздин республикада арыдан-бери туура багытта бараткансыйт.

Биз өзүбүз кыргыздар, ар кимибиз милдеттүү түрдө, өз балдарыбызды, неберелерибизди кыргызча сүйлөшкөнгө үйрөтүп, алар менен кыргызча сүйлөшүп, каталары болсо оңдоп, кайра-кайра сүйлөшүп кыргыз тилине каныктырсакпы деп ойлойм. Заманыбыздын шарданы менен балдарыбыз орусча окушуп, орусча сүйлөшүп, орусча ойлонушуп, ошого аябай көнүп алышты. Аны эч кимден жашыра албайбыз. Мейли, анысына да Кудайга шүгүр. Эми аларга кыргыз тилин да орус тилин билгендей үйрөтүү маселеси турат. Бул жалпы эл-журттун, айрыкча, чоң ата, чоң энелердин алдыда турган чоң милдети десек болот. Эринбей неберелерге кыргызча жомокторду, болгон окуяларды айта беришибиз керекпи деп ойлойм. Балдардын дүйнөсүндө кыргыздын ички духун ойгото алсак, калганын мектептеги мугалимдердин тарбиясы, сабактар анан ага кошумча кыргызга гана тиешелүү илгертен келаткан ата-бабанын “Мен кыргызмын” деген сезими сүйрөп кетеби деп ойлойм. Кошуна-колоңдор менен мамиле кылабызбы, көчөдө болобу, бардык жерде кыргыздын ата-бабадан келе жаткан сылыктыгын, меймандостугун жана тилин көкөлөтүүнү унутпасак. Ар бир кыргыздан ошол сезилип тургандай болсо. Биздин ата-бабалар да ушу кишидей болгон тура деген ишеним, ар кимге келгендей болушу керек. Биздин жаштарга үлгү боло турган агалар, эжелер зарыл болуп турат. Жаштар ошолордон үлгү алып, калыптанышса дээр элем. Демек, жашы улгайып бара жаткан жигиттер Искак Раззаков агадай, Чыңгыз агадай жана Апсамат агадай болууга аракет кылсак, кыргыздын келиндери Каныкей энедей, Керимбүбү энедей болууга аракет кылышса жакшы болмок. Ошондо кыргыздын улуттук жүзү жана улуттук духу биздин өсүп келе жаткан жаштарыбызга өтүшүнө шек жок. Албетте, кыргызда Чыңгыз агадай, Керимбүбү энедей адамдар толтура. Ар ким жашаган жеринде өзүнө үлгү адамды, өзүнө жакын адамды табаарына ишенем. Мен биздин сүйүктүү адамдарды атайын мисалга тартып жатам. Себеби, биз каалайбызбы, каалабайбызбы ал кишилер биз үлгү ала турган адамдык сапатта жашап өтүшкөн.

Кыргызстанда кыргыз эли үчүн, кыргыз жери үчүн башын сайган, кыргыз тилин эч бир тилге теңебеген, чыныгы эл уулдары менен эл кыздары толтура. Алардын ойлору, тилектери абдан туура, Кыргызстанда кыргыз тили негизги тил болуп, мамлекеттик иш жүргүзүүлөр, окуу, илим-билим жана баарлашуунун баары ал тилде болушу зарыл. Бирок шашылбай, “жети өлчөп бир кес” дегендей, бардык учурларды эске алып, мамлекеттик тилди калыбына келтирүү учурдун талабы. Тилди өздөштүрүүнүн англис тилинде колдонулуп жүргөн TOEFL жана түрк тилин үйрөнүүдөгү TOMER системалары өздөрүнүн мобилдүүлүгү жана эффективдүүлүгү менен айырмаланат. Кыргыз-түрк Манас университетинин кыргыз тилчи мугалимдеринин тажрыйбасын колдонуу, мамлекеттик тилди өздөштүрүүдөгү чоң рычагдардан болот эле. Агартуу академиясынын жамааты эмне үчүн университеттин ушул жакшы саамалыгын пайдалангысы келбегени түшүнүксүз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: